Кара-Балта шаарында окуучулардын массалык мушташы катталып, бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, мушташ 13-февраль күнү шаардык стадиондо болгон. Жабыркагандар учурда ооруканада жатышат.
«14 жаштагы окуучу ооруканага түшкөн. Анын ийнине аркасына бычак тийген», — дейт милиция.
Мушташка 7-8-класстын окуучулары катышкан.