Суббота, 18 мая

Абитуриенттердин качан тест тапшыраары белгилүү болду

0

Кыргызстанда 2022-жылы жалпы республикалык тест 23-28-майга чейин өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, тестирлөөгө катталуу онлайн жана кадимки тартипте өтөт.

“Өлкө боюнча 120га жакын тест борбору ачылат. Эгерде абитуриент 16 жашка чыгып, бирок колунда паспорту жок болсо, ЖРТга каттала албайт. Ал үчүн тест күнүнө чейин паспорт алышы керек”, — дейт ал.

Батракеева 2021-жылы тестти 44 миңден ашык абитуриент тапшырганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылы мектептердеги окуу жылы 8-июнда аяктап, 9-июнда акыркы коңгуроо кагылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз