Воскресенье, 19 мая

Жумабеков: «президент мага кепилдик берди»

0

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков өткөн жума күнү президент Садыр Жапаров менен жолукканын жана эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.

Бүгүн Жумабеков кайрадан түзүлүү алдында турган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун эмгек жамаатына директордун убактылуу милдетин аткара турган Памир Муратовду тааныштырды.

«Жума күнү президентке жолугуп чыктым. Ал киши биздин илимий иштерибиздин баарын түшүнүү менен кабыл алды. Кеп креслодо эмес, негизги максатыбыз илимий практикалык мекемени сактап калуу, элге кызмат кылуу болчу. Мен коллективде калып иштей берем. Өзүмдүн иш бөлмөмдө бейтаптарды кабыл алууну жана илимий иштеримди улантам. Мага жана менин кол алдымда иштеп келген кесиптештериме эч кандай куугунтук, текшерүүлөр болбойт. Бул президенттин сөзү, айта бар деди», — деп маалымат берди Жумабеков.

Ал иштешкен жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, февралдын башында Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлөрүн билдирген. Анын алкагында саламаттык сактоо министри Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна директордун милдетин аткаруучу кылып Гулия Кожакматованы дайындаган. Бирок кийинчерээк министрлик буйрукка өзгөртүү киргизип, оорукананы директордун ордуна башкы дарыгер башкарат деген чечим чыгарган. Ага чейин башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган. Бирок министрлик травмотология борбору ооруканага айланганга чейин мекеменин жетекчиси директор деп аталып турарын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз