Воскресенье, 5 мая

33 градус суук болот

0

Кыргызстанда үч күн ичинде абанын температурасы -2…-33° жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° жетиши күтүлүүдө.

Ал эми тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз