Воскресенье, 19 мая

Блинкен: Орусия Украина чек арасына дагы жакындады

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын Украина чек арасынан аскерлерин чыгарбаганын, тескерисинче, критикалык элементтерди чек арага карай жылдырганын айтты.

Бир телекөрсөтүү программасына катышкан Блинкен Орусиянын Украина чек арасына жайгаштырылган айрым күчтөрүн чыгарып жатканы жөнүндөгү билдирүүсүнө баа берди.

Блинкен: «Орусиянын айткан бир нерсеси бар. Россиянын жасаган иштери да бар. Биз алардын күчтөрүнүн эч кандай артка тартканын көргөн жокпуз. Алар Украинанын чек араларында өтө коркунучтуу бойдон калууда. Алар айткандарын аткарышса жакшы болот. Бирок биз аны көрө элекпиз», — деди.

Башка бир телекөрсөтүү программасында Блинкен, мүмкүн болгон кол салуунун алдыңкы сабында боло турган күчтөрдүн дагы эле чек арага жакын аймактарда калганын көргөндөрүн айтты.

Орусиянын аскерлерин чыгарып кетишин кубаттай тургандарын билдирген Блинкен, Москва менен дипломатияга даяр экендерин, бирок ыктымалдуу кол салууда Орусияга карай таштай турган кадамдарга даяр экендиктерин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз