Камерунда кайрадан пайда болгон холера эпидемиясынан 35 киши каза болду.
Камерундун Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта учурда холера эпидемиясында 1242 учурдун аныкталганы белгиленди.
Маалыматта эпидемиянын өлкөнүн 3 аймагында дагы чыккандыгы билдирилип, 35 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Биринчи жолу 2021 — жылы өлкөнүн батыш жана жээк аймактарында чыккан эпидемияда 5 кишинин каза болгондугу маалымдалган.