Пятница, 22 ноября

Кайсыл медициналык окуу жайлардын жабылаары айтылды

0

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менчик медициналык окуу жайларды жабуу жолун түшүндүрдү. Ал 17 окуу жайга кат жөнөтүлгөнүн, 1-апрелге чейин клиникалык базасын комиссияга көрсөтө албагандардын лицензиясы алынарын билдирди.

Бейшеналиев «Клиникалык база боюнча 086 деген маалымдаманы биз беребиз. 3-курстан баштап клиникалык базасы болушу керек. 1-апрелге чейин алар биздин комиссияга клиникалык базасын, оорукана, гистология, өлүккана, анатомия бар деп далилдеп бериши керек. Билим берүү министрлиги деле лицензияны бизсиз бере албайт», — деди.

15-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыла турганын айткан. Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айткан. Ошондой эле талапка жооп берген, шарты бар окуу жайлар ишин уланта берерин кошумчалаган. Жабыла тургандардын студенттери окуусун сертификациядан өткөн окуу жайларынан уланта алышары айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз