Пятница, 17 мая

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү

0

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 10-апрелде Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Назарбаев сөзүнүн негизги бөлүгүн Казакстандагы соңку саясий өзгөрүүлөргө арнады:

“Коомчулукта тынчсыздануу, өкүнүү, үмүт жана күтүү бар. Мен баарыңарды тынчтандыруу үчүн айткым келет, иштелип чыккан багыт улантылат, мен бул жердемин, биз баарыбыз мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз”, — деди ал.

Назарбаев убактылуу президент Токаев Конституцияга ылайык шайлоо күнүн жарыялаганын, бул чечим туура экенин билдирди. Ал шайлоону мыйзамдын бардык талаптарына шайкеш жана демократиялык нормаларды сактоо менен өткөрүү үчүн даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи.

Бир күн мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялаган. «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан. Ал шайлоого катышар-катышпасын азырынча айта элек.

78 жаштагы Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектейт. Анын «элбашы» деген макамы өзүн жана үй-бүлөсүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз