Четверг, 2 мая

Түркиянын түрмөлөрүндө 30 миңден ашык Гүлендин тарапкерлери кармалууда

0

Түркиянын президенти өлкөнүн полициясынын түзүлгөндүгүнүн 174 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөдү.

Түркиянын президенти  Режеп Тайип Эрдоган Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылы (FETÖ) менен күрөшүү боюнча кадамдар тууралуу айтып берди.

«2016-жылдын 15-июлунан тартып Түркиянын ИИМнен Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылы (FETÖ) менен байланышкан 31 миңден ашык адам бошотулду. Бул аралыкта Түркиянын Куралдуу күчтөрүнөн FETÖ менен байланышкан 15 миң адам кызматтан кетти, сот системасынан – 4 миңден ашык», — деди Эрдоган өлкөнүн полициясынын түзүлгөндүгүнүн 174 жылдыгына арналган салтанатта.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, Түркияда Гүлен кыймылы менен байланышы үчүн 20226 адам жоопко тартылган. Дагы 10333 адам камакка алынган.

«Түркия Гүлендин террордук кыймылы менен чечкиндүү күрөшүүнү улантууда. Бийликтин максаты – кылмыштуу кыймылдагы баардык саткындарды аныктап, күнөөсүздөрдү жабыркатпашы керек», — деди Эрдоган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз