“Гүленчил” делген Бейшеналиев кайрадан министр болду

0

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министри болду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигинин башына барганы 14-февралда белгилүү болгон. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган. Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди министр кызматына дайындоого макулдук берген.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

Бейшеналиевдин АКШдагы Фетхуллах Гүлен жетектеген Гүлен кыймылынын тарапташы экени айтылып келет. Бейшеналиев магистрдик изилдөөсүн дал ушул Гүлен мектептери тууралуу жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз