Понедельник, 20 мая

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта болот

0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун Улуттук Кеңешинин Элдик жыйынында чыгарган чечими менен  12-мартта  президенттик шайлоо өткөрүлөт.

Түркмөнастандын расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда Улуттук Кееңштин Элдик жыйынында түркмөн лидер Бердимухамедов өлкөдө жаш лидерлердин мамлекеттик башкарууда орун алышы керектигин баса белгиледи жана мөөнөтүнөн мурда болуучу шайлоо үчүн Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасына тапшырма берди. Ушул боюнча Түркмөнстан Улуттук Кеңеши жыйналды.

Жыйында Түркмөнстан конституциясынын 81-беренси менен Түркмөнстан шайлоо мыйзамынын 86-беренеси боюнча 12-март ишемби күнү мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо өткөрүү чечимин чыгарды.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз