Понедельник, 20 мая

Баткендиктерге 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

0

Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Ошондой эле Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси жана Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз