Суббота, 18 мая

Алтун: НАТО Түркиянын тынчтыкты орнотуу аракеттерине колдоо көрсөтүүсү абзел

0

Түркиянын Түндүк атлантикалык конвенция уюмуна (НАТО) мүчө болгонуна 70 жыл толду. Муну утурлай 16-20 февралда Стамбул шаарында атайын форум уюштурулду. Форумда Түркия менен НАТОнун ортосундагы өнөктөштүк талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Түркия президентинин коммуникация башкармалыгынын жетекчиси  Фахреттин Алтун Түркиянын аймактык жана глобалдык тынчтыкты орнотуудагы аракеттерине НАТОнун колдоо көрсөтүүсү абзел экенин баса белгиледи. Алтун Түркия НАТОнун “бирөөбүз баарыбыз үчүн, баарыбыз бирөөбүз үчүн” деген принципти бузуу мүмкүн экенин көрсөтө турган кандайдыр бир кыймыл аракеттен узак болуусу керек экенин эскертти.

Түркия президентинин коммуникация башкармалыгынын жетекчиси Түркия НАТОнун геостратегиялык келечегинин борборунда орун алган өлкө экенин эске салды. Муну менен катар Түркиянын да башка өлкөлөрдөй эле НАТОго кирбеген мамлекеттер менен мамиле түзүү укугуна ээ экенин айтты.

Түркия НАТОго эң көп материалдык колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бирөө. Түркия ар жыл сайын НАТОго 700 миллион доллардан ашык каражат бөлөт.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз