Понедельник, 20 мая

Мигранттардын медициналык күбөлөндүрүү эрежелерине өзгөртүү киргизилди

0

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү эрежелерине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды.

Эми сертификат жана медициналык бүтүмдөр 12 айга чейин жарактуу деп эсептелет. Ошондой эле чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү учурунда буга чейинки дарылануусу же кароодон өткөндүгү боюнча маалыматтар эске алынат. Болгону алар тууралуу документтер талап кылынат.

Ошондой эле 6-18 жаштагы чет өлкөлүктөр үчүн медициналдык кароодон өтүү мөөнөтү кыскартылды. Эми 13 жашка чейинки балдар канында баңгизат же психотроптук каражаттар жок экенин аныктоо үчүн анализ тапшырбай койсо болот.

Мындан тышкары, медициналык күбөлөндүрүүнүн алкагында диагноздолчу жугуштуу оорулардын катарынан коронавирус алып салынды. Жаңы эреже күчүнө 1-марттан тарта кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз