Суббота, 18 мая

Путин атайын аскердик операция жүргүзүүнү жарыялады

0

Владимир Путин Россия элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

«Азыркы кырдаал бизден тез жана токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылып жатат. Донбасс жардам сурап Россияга кайрылды. Мындан улам БУУнун 51-беренесинин 7-бөлүгүнө таянып жана Федералдык кеңештин ДЭР, ЛЭР менен достук, өз ара жардамдашуу боюнча келишимдерди ратификациясын аткаруу максатында мен атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алдым», — деген Путин элге теледен кайрылып жатып.

Путин Россиянын планына Украинаны оккупациялап алуу ниети кирбегендигин, бирок Россия аны куралсыздандырууга умтуларын айтты. Ал Россия КМШнын эгемендүүлүгүн сыйлап келгендигин жана мындан ары да сыйларын белгиледи.

Путин, мындан сырткары, НАТО Россиянын чек арасына жакындап келе жаткандыгын белгиледи. Анын айтымына караганда, Москва 30 жылдан бери аталган блоктун чыгыш тарапка жылбашына жана кеңейбешине аракет кылып келгендигин жана алдамчылыкка, басым жасоого жана опузалоого кабылгандыгын айтты.

Путин НАТОнун алдыңкы мүчө өлкөлөрү Украинанын неонацисттерин колдоп жаткандыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз