Пятница, 5 июля

Украина Түркиядан жардам сурады

0

Украинанын Түркиядагы элчилиги Анкараны «кыйынчылык учурда» Киевди колдоого чакырды. Бул маалымат элчиликтин Твиттер баракчасында жарыяланды.

«Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Түркиядан жана дос түрк элинен кыйын учурда колдоо көрсөтүүсүн сурайбыз»-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Россиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрү тууралуу жарыялаган. Украинада аскердик абал режими киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз