Пятница, 5 июля

8-мартка карата аялдар бекер медкароодон өтө алышат

0

Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк Достук ооруканасында 7-12-март аралыгында акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз-түрк Достук ооруканасында өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган айтты.

8-мартка карата көрсөтүлө турчу кызматты пайдаланууну каалагандар ооруканага телефон чалып кезекке тура алышат. Бул кызмат менен Кыргызстанда кеңири таралган эмчек рагы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу максат кылынууда.

Аталган жыйында Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган Кыргыз-түрк Достук оорукананын алдыңкы медициналык технологиялар менен жабдылганын, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу жана Түркиянын бул тармактагы тажрыйбасы менен бөлүшүү максатын көздөрүн билдирди.

Былтыры 15-октябрынан баштап бейтаптарды кабыл ала баштаган ооруканада азыркы учурда кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, көкүрөк оорулары жана тез жардам боюнча кызматтар көрсөтүлүүдө. 21 реанимация жана 50 кызматтык керебетке ылайыкталган ооруканада, коронардык реанимацияда 5 керебет, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын интенсивдүү терапиясында 6 керебет, жалпы реанимацияда 7 керебет жана орто реанимацияда 3 керебет жайгашкан.
Ошондой эле ооруканада 2 операциялык бөлмө, 1 ангио аппараты, 1 МР, 1 Компьютердик томография, 1 рентген, 1 маммография аппараты, ошондой эле толугу менен жабдылган лаборатория бар.

Оорукана өз ишин баштаган күндөн тартып азыркы күнгө чейин Поликлинкада дарыланган бейтаптардын саны — 1794; жүрөк-кан тамыр хирургиясында жасалган операциялар — 20;  жалпы хирургиялык операциялар — 3; ангио жасаткандардын саны — 143; томографиядан өткөндөрдүн саны — 216; МРТ — 105;
тез жардамга кайрылгандардын саны — 156ны түздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз