Четверг, 25 апреля

Орусиянын десанты Киевде Зеленскийди бутага алууда

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде орусиялык диверсиялык топ жүргөнүн, «душман биринчи кезекте аны бутага алса дагы шаардан кетпей турганын» айтты.

Мурдараак айрым басылмалар Орусиянын десанттык топтору Киевге түшүрүлгөнүн жана алардын негизги бутасынын Украинанын жетекчилиги экенин жазышкан.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз