Среда, 16 октября

Кыргыз эли Айпери Медет кызынан алтын медаль күтүүдө

0

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды.

Чейрек финалда Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен кез келди. Мекендешибиз атаандашына караганда өжөрлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде аны жеңди.

Финалга чыкчу кармашта кыргызстандык спортчу германиялык Франци Рейделтти 6:1 эсебинде артта калтырды.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова дагы турнирдин финалына чыкты.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз