Украина Киевди алыдырып коебу?

0

Орусиянын күчтөрү Киевдин Троещина районунда жайгашкан ТЭЦ-6 жылуулук электр борборуна чабуул коюп жатат. Бул тууралуу Украинанын Атайын коммуникация жана маалыматты коргоо боюнча кызматы Киев убактысы боюнча түнкү саат 2:30 чамасында билдирди.

Маалыматка ылайык, Киевдин айрым аймактарында учурда жарылуунун добушу угулууда. Муну Телеграмдагы каналдарга жарыяланган видеолор да күбөлөп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, украин баш калаасынан 30 чакырым алыстактагы Васильков аймагында орус десанттары конууга аракет кылып жатат. Украинан куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүүдө.

Президент Владимир Зеленский түн жарымын утурлай жарыялаган видео кайрылуусунда орус күчтөрү чабуул койгону жатканын, Киевди колдон чыгарбаш керектигин, түн оор өтөөрүн эскерткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз