Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко Фейсбуктагы баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө балдар экенин жазды.
1115 адам жарадар болгон, алардын 33ү балдар.
Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Киевде турак үйлөр ракета чабуулуна кабылды.