Суббота, 4 мая

Батыштын Украинага берген курал-жарагы канчалык чечүүчү рол ойнойт?

0

Германиянын өкмөтү Украинага 1000 танктарга каршы курал жана 500 «Стингер» деп аталган зениттик ракета жеткирээрин билдирди.

Буга чейин Берлин Украинага курал-жабдык жеткирүүдөн баш тартып келген.

«Биз Путиндин армиясынан коргонууда Украинаны колдоо үчүн колубуздан келгенин жасоого милдеттүбүз» — деп жазды Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Украинанын президенти Владимир Зеленский немис өкмөтүнүн чечимин кубаттады.

Буга чейин Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий айрым Батыш мамлекеттерин, анын ичинде Германияны Орусияга каршы «болуп көрбөгөндөй» санкцияларды салбай жатканы үчүн айыптаган. Ал ошондой эле Германия Украинага курал бербей жатканын да сынга алган.

Бир катар мамлекеттер Украинага коргонуучу аскердик техника жеткирип, Москвага каршы экономикалык санкцияларды салышты. Алар санкцияларды дагы катаалдатууну убада кылып жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз