Пятница, 17 мая

Согушту Эрдоган токтотушу мүмкүн

0

Украинанын президенти Виладимир Зеленский менен сүйлөшкөн  Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын мындан ары дагы зыян тартпашы үчүн ок атышпоонун тез арада жарыяланышына карата  аракет кылып жаткандарын айтты.

Түрк президентинин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүндө  Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана акыркы абалдар каралды. 

Президент Эрдоган Россиянын кол салуусунда каза болгон Украина жарандарына көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады.

Эрдоган дагы адам өлүмүнө жол бербөө жана Украинага дагы зыян келтирбөө үчүн мүмкүн болушунча тез арада ок атышпоо жарыяланышы үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

Мурдараак Виладимир Зеленский Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөшкөнүн маалымдап, колдоо көрсөткөнү үчүн ага ыраазычылыгын айткан.

Ал эми Россиянын президенитинин басма сөз кызматы, Режеп Таййип Эрдоган Владимир Путинди тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн Түркияга чакырганы тууралуу маалымат тараткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз