Вторник, 7 мая

Украинада Азербайжан жарандары да каза болду

0

Азербайжандын Киевдеги элчилигинин билдирүүсүндө, Украинанын Одесса шаарынан Молдова тарапка бара жаткан 8 унаадан турган конвойдо азербайжандарды ташыган унаалардын болгонун айтты.

Билдирүүдө Приднестровье аймагына жакын жерде конвойго белгисиз адамдардын ок чыгарганы, окуяда бир үй-бүлөдөн 3 кишинин каза болгондугу, 4 кишинин жараланганы маалымдалды.

Билдирүүдө Харьков шаарында суу алганы чыккан 33 жаштагы азербайжандын белгисиз тараптан келген октун кесепетинен каза болгондугу белгиленди.

26-февралда Херсон шаарында орусиялыктардын чабуулунун натыйжасында азербайжандык эне жана анын 2 бойго жеткен баласы каза болгон.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз