Кыргызстандын Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилгенин кабарлады.
Маалыматка караганда, 1-марттан тарта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттин эсебинен кызматтык унаа алууга жана имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн тендер жарыялоого убактылуу тыюу салынат.
Мындай чектөөлөр президенттин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык киргизилди. Мурдараак Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган.