Вторник, 3 декабря

Түркия жана Азербайжан Украинага жардам жөнөттү

0

Түркия жана Азербайжанда Украина калкы үчүн чогултулган жардам Украинанын Анкарадагы элчилигинен жиберилди.

Орусия-Украина согушунан улам Украинадагы жарандарга колдоо көрсөтүүнү каалаган түрк жана азербайжан элинин жардамы элчиликте чогултулду.

Негизинен азык-түлүк жана керектүү буюмдардан турган жардам элчиликтин кызматкерлери тарабынан жүк ташуучу унааларга жүктөлдү. Андан соң жүк ташуучу унаалар Стамбулга жөнөштү.

Украинанын Анкара элчилигинин билдирүүсүнө караганда Анкарада чогултулган 3 жүк ташуучу унаага толгон жардам Стамбулда башка жардам материалдары чогултулган жердеги жүк ташуучу унааларга өткөрүлүп, Болгария жана Румыния аркылуу Украинага жеткирилет.

Украинанын Анкарадагы элчиси Васил Боднар Түркияда Украина үчүн 1,5 миллион лира жана 12 миң доллар жардам чогултулганын, жардамдын Украинага бир нече унаа менен жеткириле турганын жарыялады.

Орусиянын 24-февралда башталган чабуулунан кийин Украинага жөнөтүлө турган гуманитардык жардам унааларды да Румынияга келди.

5 жүк ташуучу унаадан тышкары Украинадагы түрктөрдү эвакуациялай турган 26 автобустун бүгүн Украинага баруусу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз