Пятница, 17 мая

Зеленский: Орусия “террордук мамлекет”

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, Харьков шаары орус аскердик күчтөрүнүн интенсивдүү аткылоосуна дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан «террор» деп атады.

Зеленский мындай кол салууну жасаган Орусияны “террордук фмамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз