Суббота, 4 мая

Түрк экономикасы соңку 10 жылдын эң мыкты көрсөткүчүнө жетишти

0

Түркиянын соода министри Мехмет Муш Түркиянын акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүүсүнө жетишкенин айтты.

Мехмет Муш социалдык тамактагы баракчасынан өсүү көрсөткүчтөрү менен бөлүшүп: «Экспортубуз экономикадагы өсүштүн кыймылдаткыч күчү болууну улантууда. Түркиянын экономикасы 2021-жылы 11 пайызга өсүп, акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүүсүн камсыздады. Товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун өсүүгө кошкон салымы 4,9 балл болду. 2021-жылдагы өсүштүн 44,2 пайызы таза экспорттун салымы менен ишке ашты», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз