Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу 38 мамлекет Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды. Бул тууралуу 2-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди.
“Путин бул үрөй учурган аракеттерди жасоо менен жазасыз калбай турганы бизге айдан ачык”, — деп айтылат Жонсондун Твиттердеги билдирүүсүндө.
Бирок британ премьер-министри Эл аралык кылмыш сотуна кайсы мамлекеттер кайрылганын тактаган жок.
27-февралда Украинанын бийлиги да Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна арыз жолдогон.
«Агрессияны актоо максатында «геноцид» түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз”, — деп билдирген украин президенти Владимир Зеленский.