Четверг, 30 апреля

БУУга мүчө-өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптады. Кыргызстан “калыс” добуш берди

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган мыйзам долбоорун 5 каршы 141 макул добушу менен кабыл алды.

Орусиянын Украинага кол салуусуна 7 күн болду.

Украинанын борбор шаары Киев менен бирге көптөгөн жерлерде кагылышуулар уланып жатканда Орусиянын кол салууларын айыптаган мыйзам долбоору БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды.

Добуш берүүдө өлкөлөрдүн 141и  “макул”, 5и “каршы”; 35 мүчө өлкө болсо «калыс» добушун берди. “Калыс” добуш бергендердин арасында Кыргызстан да бар.

Каршы добуш берген өлкөлөр Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия.

Орусия 24-февралда Украинага каршы операция баштаган болчу. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз