Пятница, 17 мая

Зеленскийге үч жолу кол салуу болду

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада кеминде үч жолу кол салуу аракетинен аман калган.

Британиялык The Times гезитинин кабарына караганда, Орусия Украинага басып киргенден кийин тымызын топтор Зеленскийди үч жолу өлтүрүүгө аракет кылышкан.

Эки кол салуу аракетин жалданма аскерлерден турган с тобунун уюштурганы айтылды.

Украин лидеринин ишемби күнү да Киевде чечен өлтүргүчтөрдүн кол салуусунан аман калганы белгиленди.

Кабарга караганда, Орусиядагы чалгындоо кызматкерлери тарабынан берилген маалыматтын негизинде адам өлтүрүү аракетинин алдын алынды.

The Times гезитине билдирүү жасаган бир дипломатиялык булак, украин лидеринин өлтүрүлүшү согуштун жүрүшүнө чоң таасирин тийгизет деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз