Суббота, 4 мая

УКМАнын академиясы курула баштады

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын имараты курула баштады. 3-мартта пайдубалына атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда капсула салынганы расмий кабарланды. Бирок имарат кайсыл жерге салынып жатканы көрсөтүлгөн эмес.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрында Жалал-Абаддагы сапарында УКМКнын академиясынын административдик окуу корпусун, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылып жатканын айткан. Ал кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун базасында болору кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз