Воскресенье, 19 мая

Азербайжан Орусия менен Украинаны диалогго чакырды

0

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Орусия-Украина согушунда тараптарды чыңалуу күчөй электе диалог курууга чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары кеңешинин 49-сессиясында сөз сүйлөгөн министр Байрамов Орусия-Украина согушуна токтолду.

Сессиянын эл аралык чыңалуунун көлөкөсүндө башталганын баса белгилеген Байрамов: «Азербайжан, Украинада уланып жаткан кризистин жарандардын өлүмүнө себеп болушуна терең тынчсызданууда»,- деди. 

Жарандардын өмүрүнүн ар дайым сакталышы керектигин айткан Байрамов:

«Учурдагы кырдаалдын жарандарга тийгизген терс таасиринин алдын алуу үчүн бул адамзаттык кризиске каршы чаралар көрүлүшү керек. Ушул алкакта Азербайжан украин элине медициналык жабдуулар жана берки жардамдар менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди баштады»,-деди. 

Жейхун Байрамов: «Ушул оор учурда Азербайжан азыркы чыңалуу дагы да күчөй электе дароо диалогго чакыруусун кайталап, тараптардын түз сүйлөшүүлөрүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурууда»,-деп айтты. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз