Четверг, 9 мая

Украина Орусия үчүн жаңы Афганистан болобу?

0

Орус армиясынын кечээ Украинанын борбор шаары Киевдин түндүк  —  чыгышындагы Чернигов шаарына жасаган абадан кол салуусунда каза болгондордун саны 47ге жетти.

Украина Өзгөчө кырдаалдар кызматынан берилген маалыматка караганда орус армиясынын Черниговдо жарандык курулуштарга карата абадан жасаган кол салуусунда каза болгондордун саны өстү. Маалыматта айрым имараттардын кулагандыгы, уранды астынан 47 кишинин сөөгүнүн чыгарылгандыгы белгиленди.

18 жарандын жараланганы да билдирилип,  кол салуулардын күчөшүнөн улам издөө — куткаруу иштеринин токтотулганы маалымдалды.  Орус армиясы кечээ эрте менен шаардагы күйүүчү май куюлган цистерналарга сокку урган.

Бир тараптан Украинанын ядролук эрежелерди көзөмөлдөө кеңеши Европанын эң чоң станциясы болгон Запорожье атомдук станциясынын орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялады.

Россиянын Украинага басып киришинин тогузунчу күнүндө  Зеленский акыркы окуялар тууралуу маалымат берди. Россиянын жарандар жашаган  аймактарды атайылап бутага алганын айткан Зеленский учууга тыюу салуу талабын кайталап : «Учууга тыюу салуу бир гана атомдук станцияларды атуусуна тоскоол болот»,- деди.  Зеленский кагылышууларда ушул кезге чейин 9 200 орус аскеринин өлтүрүлгөндүгүн да айтты.

Украинанын ички иштер министрилигинин кеңешчиси Антон Герашенко болсо өлкөсүнө кол салган орус армиясынан бир генералдын өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. Герашенко Facebookтан берген маалыматта Россиянын 41 —  армиясынын командиринин орун басары генерал-майор Андрей Суховецкийдин Чернигов аймагында украин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнүн айтты.

Россиянын Украинага кол салышын «дароо токтотпосо Россияны жок кыла турган кандуу авантюра» деп мүнөздөгөн Герашенко Украинанын Россия үчүн жаңы Афганистан болорун айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз