Пятница, 17 мая

Зеленский: “Колдоосу үчүн Түркияга ыраазыбыз”

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Украинанын президенти Зеленский сүйлөшүү тууралуу Twitterден маалымат берип: «Колдоосу үчүн Түркияга ыраазыбыз. Россия Федерациясынын 24-февралдан бери келе жаткан кол салуулары жана атомдук терроризми тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоганга маалымат бердим. Агрессияны токтотуубуз керек», — деди.  

Эрдоган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россиянын Украинага 24-февралдан бери келе жаткан кол салуусу жана  аймактык абалдар менен Түркия-Британия карым-катнаштары талкууланды.

Сүйлөшүүдө  президент Эрдоган тез арада ок атышпоо жана Россиянын Украинага кол салуусуна тез арада чекит коюу үчүн аракеттерди улантышарын билдирди.

Президент Эрдоган  Түркиянын террор менен күрөшүндө НАТОдогу өнөктөштөрүнөн чын жүрөктөн колдоо күтөрүн дагы бир жолу баса белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз