Пятница, 20 сентября

Б. Төрөбаев АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

0

Кече, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү.

Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирем. Берилген жардам мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоого жана өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Айрыкча, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) менен болгон кызматташтык өз жемишин берип келүүдө. Мындан ары да эки өлкөнүн достук мамилеси жигердүү уланат деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жылуу кабыл алгандыгы үчүн “Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевге ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын кошумчалады.

“Борбор Азиядагы парламенттик өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан менен бардык багыттагы алаканы арттырууга кызыкдарбыз. Ал үчүн кызматташтык боюнча эки тараптуу макулдашууну кайрадан калыбына келтирүү аркылуу достук мамилени жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет”, – деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз