Пятница, 20 сентября

С. Жээнбеков: «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасайм дегендер жаӊылышат»

0

Акыркы мезгилде коомубуз ашкере саясатташып, элдин көӊүлүн буруу максатында, ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү. Аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жактан жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү. Аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон, адилеттүүлүктү туу туткан элбизге тереӊ ыраазымын. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Ушул трибунадан 2018-жылдын 27-июнунда сиздер менен, мекендештерим менен келечек пландар тууралуу оюмду бөлүшкөндөн бери өлкөбүздө олуттуу өзгөрүүлөр орун алды. Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Сот бийлиги менен бирге алга карай кадамдарды жасадык. Тышкы саясат багытында да өзгөрүүлөр болду. Страиегиялык өнөктөштөр жана коӊшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө жаатында үзгүлтүксүз иштерди жүргүздүк», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары Президент Россия менен жогорку деӊгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мекендештердин бир катар маселелери чечилгенин, Россия бизге стратегиялык союздаш катары абдан чоӊ колдоолорду көрсөтүп жатканын, эки өлкө ортосундагы макулдашуулардын көлөмдүү пакетине кол коюлганын белгиледи. «Эми элдин турмушун жакшыртууга багытталган ушул макулдашууларды ишке ашыруу – Өкмөттүн милдети. Жакынкы коӊушуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен кызматташтык мамилелерибиз жаӊы деӊгээлге чыкты», — деди ал.

Ошондой эле, ал быйыл ишенимдүү стратегиялык өнөктөштөрүбүз Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарлары боло турганын, быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кыларын, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити кыргыз тараптын төрагалыгы менен өтөрүн, жакында эле өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепция кабыл алынганын билдирди.

«Алдыга койгон максаттарыбызга жетүү оӊой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Алар мамлекетти карызга белчесинен батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаӊылышат. Маселенин баардыгы мыйзам чегинде гана чечилет. Мамлекет түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашы керек», — деди Президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз