Воскресенье, 5 мая

Зеленский өнөктөштөрүнөн аскерий учак сурады

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өнөктөштөрүнөн Украинага аскерий учактарды берүүнү суранды. Батыштын маалымат каражаттары менен жолугушуу учурунда Владимир Зеленский, “эгер силер Украинанын аба мейкиндигин учуулар үчүн жаба албасаңар, анда мага согушуу үчүн учак бергиле. Эгер биз жок болсок, анда кудай бетин ары кылсын, кезек Латвия, Литва, Эстония, андан ары Грузия, Молдова, Польшага жетет. Андан ары алар Берлин дубалына чейин жетишет” – деп айтты.

Муну менен катар Зеленский колдоо көрсөтүшкөнү үчүн Украинанын өнөктөштөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Украинага учак жиберүү боюнча АКШ да үн катты. АКШнын бийлиги НАТО өлкөлөрүнүн Украинага учак берүүсүнө каршы эмес экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз