Вторник, 14 мая

TikTok Орусияда ишин токтотту

0

Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту.

TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди. Компания бул чечим кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугун сактоо жана Орусиядагы “жалган маалыматтар” жөнүндө жаңы эреженин талабын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди.

«Биздин эң башкы приоритетибиз кызматкерлерибиздин жана колдонуучуларыбыздын коопсуздугу жана Орусиянын жаңы «фейк жаңылыктар» мыйзамына ылайык, биз видео кызматыбызга түз ободо көрсөтүүнү жана жаңы мазмунду жарыялоону токтотуудан башка аргабыз жок», — деп жазылат маалыматта.

Компания билдирүүлөр кызматына таасир этпей турганын белгиледи. ТикТок социалдык тармагы толугу менен жабылар же жабылбасы азырынча белгисиз. Бул Орусиядагы азыркы кырдаалга байланыштуу өзгөрүүлөр болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз