Воскресенье, 19 мая

Украинага 52 өлкөдөн ыктыярдуу жоокерлер келди

0

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 52 өлкөдөн ыктыярчылардын украиндер менен жанаша согушууга келгенин билдирди.

Кулеба онлайн маалымат жыйында учурда бүткүл дүйнөнүн Украинанын жанында экенин айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чет элдиктерге да өз өлкөсүндө орус армиясына каршы согушуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергенин эске салган Кулеба: «Түшкөн кайрылуулар каралып жатат. Дүйнөнүн эркин адамдарынын аракет кылып жатканы таң калыштуу. Учурда бизге 52 өлкөдөн тажрыйбалуу ардагерлер жана ыктыярчылар келүүдө. Бул алардын каалоосу. Биз аларды шыктандырган жокпуз. Бул бир гана жакшы тарапта күрөшүүнү каалагандардын тилеги»,-деди.

Кулеба Украинаны коргоо үчүн келген чет элдиктердин жалпы санынын 20 миңге жакындагандыгын билдирди.

Андан тышкары ушул аптада Евробиримдик жана G7 өлкөлөрүнөн Орусияга каршы жаңы санкцияларды күткөндөрүн айткан Кулеба: «Санкциялык кысым улантылышы керек»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз