Воскресенье, 19 мая

8-мартка карата аялдар бекер медкароодон өтө алышат

0

Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк Достук ооруканасында 7-12-март аралыгында акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт.

8-мартка карата көрсөтүлө турчу кызматты пайдаланууну каалагандар ооруканага телефон чалып кезекке тура алышат. Бул кызмат менен Кыргызстанда кеңири таралган эмчек рагы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу максат кылынууда.

Аталган ооруканада азыркы учурда кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, көкүрөк оорулары жана тез жардам боюнча кызматтар көрсөтүлүүдө. 21 реанимация жана 50 кызматтык керебетке ылайыкталган ооруканада, коронардык реанимацияда 5 керебет, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын интенсивдүү терапиясында 6 керебет, жалпы реанимацияда 7 керебет жана орто реанимацияда 3 керебет жайгашкан.
Ошондой эле ооруканада 2 операциялык бөлмө, 1 ангио аппараты, 1 МР, 1 Компьютердик томография, 1 рентген, 1 маммография аппараты, ошондой эле толугу менен жабдылган лаборатория бар.

Байланыш үчүн төмөнкү номерге чалыңыз:

0312 650 000, 0997 650 00

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз