Пятница, 22 ноября

Орусиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын алып чыгууга тыюу салынды

0
Бажы комиссиясы Орусиядан ЕАЭБ мамлекеттерине дан азыктарын алып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, бул чечим 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болуп, Орусиядан буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекер алып чыгууга тыюу салынган. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Орусиядан 31-августка чейин дан азыктарын жана кумшекер ала алышпайт.
Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү сунуш Орусиянын Айыл чарба министрлигинен түшүп, комиссиянын чечими биринчи вице-премьер Андрей Белоусов менен макулдашылган.
Министрлик ички рыноктогу бааны турукташтыруу үчүн дан азыктарын ЕАЭБден тышкары алып чыгуу тарифтик квота жана экспорттук пошлина менен чектелгенин эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз