Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат. Бул тууралуу кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди:
“Бүгүнкү күндө “Авиа Траффик Урал” жана “Аэрофлот” авиакомпаниялары макулдугун беришти – эмки жумадан баштап, буюрса, уча баштайт. Ошондо абал ордуна келет жана башка чечимдер боюнча да тапшырмалар берилди. Өкмөттө иш жүрүп жатат”, — деди Тиллаев.
«Аэрофлоттун» расмий сайтында азырынча каттамдарды жандантуу тууралуу маалымат жок.
“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылып отурат.