Воскресенье, 19 мая

Жонсон: «Украинадагы согуштун узактыгы Путинден көз каранды»

0

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Украинадагы согуштун канчага созулаарынын Орусиянын президенти Владимир Путинден көз каранды экенин билдирди.

Жонсон Орусия-Украина согушундагы акыркы абалга байланыштуу Sky News телеканалына билдирүү жасады.

Украинанын Мариуполь шаарындагы төрөт үйүнүн орус куралдуу күчтөрү тарабынан бомбаланганын эске салган Жонсон, Батыштын жарандардын өлүмүнө жол бербөө үчүн качан кийлигише тургандыгы суроосуна: «Мариуполдо болгон окуялар, Путиндин жарандык жүрүм-турумдун бардык нормаларын четке кагууга даяр экенин жана орустардын шылдыңга кабылганын көрсөттү»,- деп жооп берди.

Борис Жонсон Путиндин зордук-зомбулукту токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк бериши керектигин билдирди.

Жонсон Улуу Британия азыр Путин режимине жана анын айланасындагыларга экономикалык санкциялар менен кысымды күчөтүп жатканын баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз