Воскресенье, 19 мая

Starlink Украинага бекер спутник интернетин бере баштады

0

Америкалык Spacex Starlink фирмасы качкындарга жардам катары Украинанын айрым чек ара аймактарына бекер интернет бере баштады. Маалыматка ылайык согуштан качкан жарандар жайгашкан жерлерде жана качкындарды бөлүштүрүү борборлорунда Spacex Starlink интернеттине кошулуу бекер болот. Бул кызмат Молдова бийлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Мурдараак Spacex Starlink фирмасынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинага жана согуштан жабыркаган качкындарга бекер интернет менен жардам берүүгө убада берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз