Суббота, 18 мая

Анталия дипломатиянын жаңы борбору болуп калды

0

11-13 мартта Түркиянын Анталия шаарында Анталия дипломатиялык форуму (АДФ) болуп өттү. Форумга көптөгөн мамлекеттик ишмер, саясатчы, илимпоз жана дипломат катышты. Кеңири масштабда ишке ашырылган жыйында актуалдуу темаларда панелдер жана жолугушуулар өткөрүлдү.

Форум Украина-Орусия-Түркия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу менен башталды. Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан бери алгачкы жолу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү Анталия дипломатиялык форумунда талкуулашты.

Жыйындын алкагныда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 8 мамлекет башчысы, 2 премьер-министр жана 2 эл аралык уюмдун жетекчилери менен жолугушту. Эрдоган бир жумада  дипломатиялык деңгээлдеги 14 жолугушууну ишке ашырды. Бул өз кезегинде Түркиянын аймакта турукташтыруучу жана жөнгө салуучу күчкө айланганын көрсөттү. Түркиянын аймактык жана глобалдык тынчтыкты колдоо аракети эл аралык коомчулук тарабынан колдоо тапты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз