Воскресенье, 5 мая

Украина: Орусия жаңы чабуул коюуга даярданууда

0

Украина орус армиясынын өлкөгө кайрадан кол салууга даярданып жатканын жарыялады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусиянын Украинада баштаган согушуна байланыштуу 13-марттагы абал тууралуу маалымат бөлүшүлдү. Билдирүүдө: «Окупанттар чабуулду күчөтүү жана аскерлерди кайра топтоо үчүн аракеттенип, чабуулду улантууга даярданып жатышат» — деп билдирилди.

Буга ылайык, Украинадагы орус аскерлерине кошулуусу үчүн Орусиянын 800 аскери Армениядагы Гюмри базасынан жана 1500 аскери Тынч океан флотунан чыгарылып, Карабахта убактылуу турган орус элементтеринин бир бөлүгү да чогултулган.

Билдирүүдө күчөтүлгөн аскер бөлүктөрүнүн Белоруссия аркылуу Украинага поезд менен жеткирилгени да жарыяланды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз