Понедельник, 6 мая

Россиянын элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

0

Биринчи май райондук сотунун 11-марттагы чечимине ылайык, 11-марттан 11-апрелге чейин (кошкондо) мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Россиянын элчилигинин алдында, борбодук “Ала-Тоо” аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлат.

Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды Бишкектин Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрө алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз