Воскресенье, 19 мая

Орусия-Украина согушунун кесепети. Кимдер зыян тартууда?

0

Орусия-Украина согушу ар кандай азык-түлүк жетишсиздигин жаратууда.

Германиянын май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү өнөр жай ассоциациясынын (OVID) башкаруучу директору Герхард Бранкатчк, күн караманын майы өлкөдө дагы бир нече жумага гана жете турганын эсептешкенин билдирди.

Учурда күн карама майынын эң маанилүү берүүчүсү болгон Украинадан май сатып алынбай турганын белгилеген Бранкатчк, Германияда бул майдын жакын арада жетишсиз болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

OVID маалыматы боюнча, Германия күн карама майына болгон муктаждыгынын 94 пайызын импорт аркылуу камсыздайт. Өлкөдө керектелүүчү майдын 6 пайызы гана ата мекендик өндүрүштөн.

Канадада оруп-жыюу маалында логистикалык көйгөйлөр жана жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам күн карама майында болгон кыйынчылыктар Орусиянын 24-февралда башталган Украинага кол салуусунан мурда бааларды бир топ жогорулаткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматы боюнча, күн карама майынын дүйнөлүк экспорттук базарынын 52 пайызын Орусия менен Украина түзөт.

Башка тармакты айта турган болсок, өткөн бейшемби күнү Германиянын Майтингенинде жайгашкан Lech-Stahlwerk болот куюучу комбинаты жана Испаниянын Portland Valderrivas Cementos цемент заводу өндүрүштү токтотконун жарыялады. Бавариядагы жалгыз болот куюучу өндүрүштө иштеген миңден ашуун кызматкер менен алардын Испаниядагы кесиптештери мөөнөтсүз өргүүгө чыгышты. Компаниялардын жетекчилиги өнөр жай үчүн электр энергиянын бир мегаваты 200 евродон төмөндөмөйүнчө өндүрүштү жанданта албай турганын бийликке расмий маалымдады.

Ошол эле күнү кагаз чыгарган немецтик Delkeskamp Packagingwerke фабрикасы да ишин токтотконун билдирген. Компаниянын ээлери федералдык өкмөткө кайрылып, электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирип, өнөр жай үчүн баа саясатын кайрадан карап чыгууну өтүндү.

Пандемиядан улам жаралган энергетикалык кризистен эми чыгып келе жаткан Европа өлкөлөрүнө кайрадан сокку урулганы турат. Мындай абалдан баарынын эле аман-эсен чыгып кете алары күмөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз