Суббота, 18 мая

Кытай: «Эгер биз санкцияларга дуушар болсок, катуу каршы чараларды көрөбүз»

0

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Орусия аркылуу Кытайга каршы санкцияларды киргизүү менен коркутуп жатканын, эгер бул ишке ашса «катуу каршы чараларды көрөрүн» билдирди.

Катчысы Као Лисиен билдирүүсүндө, Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакинин «Орусия басып алууну колдосо, Кытай олуттуу кесепеттерге дуушар болот», «Кытай менен Орусия дүйнөлүк экономиканын 15-20 пайызын гана жана ал эми G7 өлкөлөрүнүн 50 пайызын түзгөнүн, ошондуктан АКШ жана анын европалык союздаштарынын колдорунда көп сандагы куралдар бар экенине» байланыштуу сөздөрүн баалады.

АКШнын мындай мамилеси Кансыз согуш стилиндеги нөл суммадагы оюнду жана блоктордун ортосундагы тирешүүнүн логикасын жана маселелерди күч менен чечүү түшүнүгүн чагылдырат деп ырастаган Као Лисиен: «Бир жагынан санкциялардын таягын булгалап жатып, экинчи жагынан Кытайдын колдоосун жана кызматташуусун талап кылуу эч нерсеге алып келбейт. Биз Кошмо Штаттарды Кытайдын мыйзамдуу укуктарына жана талаптарына эч кандай зыян келтирбөөгө чакырабыз. Эгер АКШ муну өжөрдөнүп талап кылса, Кытай албетте катуу каршы чараларды көрөт»,-деп айтты.

Кытайдын Украина боюнча диалог жана сүйлөшүүгө чакырганын, чыңалууну азайтууга аракет кылганын жана маселенин чечилиши үчүн өз демилгесин көтөргөнүн баса белгилеген Као Лисиен: «Кытайдын аракеттерин басынткан, анын ниетин бурмалаган жана Кытайды каралоого аракет кылган ар кандай жалган маалымат берүү аракети жоопкерчиликсиз жана этикага туура келбейт»,-деп өз баасын берди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз